Haber

Обончу-аткаруучу Түмөнбай Колдошовдун “Мен күткөн бакыт” аттуу жеке концерти тартууланды

ОшМУнун доценти, маданияттын мыкты кызматкери, обончу-аткаруучу Түмөнбай Колдошов 1-2-март күнү С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында “Мен күткөн бакыт” аттуу жеке концертин берди.

Кечени акын Зайырбек Ажыматов алып барса, төкмө акын Асылбек Маратов, ырчы Аскат Мусабеков, Венера Назаралиева, Равшан Момунов, Куштар Ташматов, Эламан Жалаловдор конок катары катышышты.

Т. Колдошов мазмундуу, салмактуу чыгармалары менен көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ. Анын жеке концерттери ар дайым аншлаг менен өтүп келет.

Таланттарды ар дайым моралдык жана материалдык жактан колдоп, жылуу сөзүн айтып келген ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков жалпы жамааттын атынан Түмөнбай Колдошовго чыгармачылык эргүү каалады. Ошондой эле Ош мамлекеттик университети көптөгөн залкарларды берген окуу жай экендигин, ал көч бүгүн да токтоп калбай уланып жактандыгын белгиледи. Түмөнбай да ушундай залкар таланттардын көчүн улап келе жаткан чыгармачыл жаштардан экендигин айтып, бир айлык өлчөмүндө акчалай сыйлык менен сыйлады.

Белгилей кетсек, Түмөнбай Колдошовдун «Сагындыңбы?.. Мен да сагындым» аттуу алгачкы жеке тушоо кесүү концерти 2012-жылы ОшМУнун жетекчилигинин колдоосу менен уюштурулган.

3924 13:38 03-03-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|