Haber

Ийгилик жараткан жаш спортчулар

ОшМУнун «Зирек» башталгыч билим берүү борборунун окуучулары февраль айында спорттун таэквондо жана каратэ-до түрлөрү боюнча Эл аралык деңгээлдеги мелдештерге катышып, байгелуу орундарды багындырышты.

9-февралдан 11-февралга чейин Бишкек шаарында өткөн «BISHKEK OPEN-2018» аталышындагы эл аралык «Карате-до» турниринде 3 “А” классынын окуучусу Кубанычбеков Нурислам баш байгеге жетип, ал эми 1 “В” классынын окуучусу Кубанычбекова Адеми 3-орунду багынткан.

Таэквондо боюнча 10-февралда Казахстандын Туркестан шаарында өткөн Эл аралык мелдеште 1 “А” классынын окуучусу Шамшарбеков Даниель 1-орунга жетишкен жана 1 “Б” классынын окуучусу Абдилбаитов Эдил мактоо баракчасына ээ болгон.

Окуучуларды даярдап, алып барган «Зирек» таэквондо клубунун машыктыруучусу Маматкасымов Бексултан.

2874 16:17 15-02-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|