Haber

ОшМУнун 7 студентти Кореянын университеттеринен академиялык мобилдүүлүктөн өтүшөт

ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Кореянын Беоксок, Чонбук, Дон-а, Ханнам университеттерине билим алуу үчүн аттанып жаткан ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин студенттери жана алардын ата-энелери менен жолугушту.

Жолугушууда университетте эл аралык байланыштар багытында жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер, дүйнөдөгү алдыңкы университеттер менен болгон эки тараптуу байланыштар, академиялык мобилдүүлүк багытындагы алгылыктуу иштер боюнча маалымат берди.

Ошондой эле жолугушууда чет өлкөгө окууга аттанып жаткан студенттердин билим алуу шарттары, коопсуздук маселелери, университеттин, ата-энелердин, студенттердин жоопкерчилиги тууралуу сөз болду. Окуу жай жетекчиси алыскы жерге билим алып келүү үчүн аттанып жаткан студенттерге ак жол, окууларына ийгилик каалап, барган жерде өлкөбүздүн, университетибиздин намысын бийик кармап, мыкты билим алып, үлгүлүү, тарбиялуу болуп, ата-энелердин, окутуучулардын жүзүн жерге каратпай окуп келүүлөрүн айтты.

Белгилей кетсек, былтыркы окуу жылында ОшМУ менен Кореянын Чонбук улуттук университетинин ортосунда академиялык мобилдүүлүк багытында түзүлгөн келишимдердин алкагында университеттин эл аралык мамилелер факультетинин 9 студент билим алып келишкен.

Учурда ОшМУ 30га жакын чет өлкөлөрдүн 170тен ашуун университеттери менен академиялык мобилдүүлүк багытында кызматташып келет.

3441 12:29 15-02-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|