13-февралдан баштап Табият таануу жана география факультетинин химия, биология багытында билим алып жатышкан студенттерге жана магистранттарга Кыргыз-Турк Манас университетинин профессору Селахаттин Гултекин, доцент Бакыт Боркоев жана Калыйпа Салиевалар конок-лекцияларды өтүп жатышат.
Негизги темалар “Термодинамика, термодинамиканын закондору жана мааниси”, “Химиялык технология”, “Эл аралык химиялык олимпиадалык маселелерди чыгаруунун усулдары” боюнча.
Лекция учурунда кызыктуу суроолор берилип, талкуулар жүрүүдө. Конок лекция 16-февралга чейин улантылмакчы.