Haber

Кесипке багыт берүү иш-чаралары Ноокен районунда жана Майлуу-Суу шаарында уюштурулду

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн туура кесип тандоосуна көмөктөшүп, багыт берүү максатында ОшМУнун “Адис” окуу борборунун директору Кумар Рамашов баштаган топ 5-февралдан 11-февралга чейин Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жана Майлуу-Суу шаарында жайгашкан, 15 мектепте жолугушууларды өткөрдү.

Бүтүрүүчүлөргө жана алардын ата-энелерине кесипти туура тандоо боюнча кеп-кеңештерин айтып, алардын кызыктырган суроолоруна жооп берип, маалыматтар менен бөлүшүп, алдын-ала ЖРТга тестирлөө жүргүзүп кайтышты.

Бүтүрүүчүлөргө жаз айында ОшМУда болуучу “Билим майрамына” катышып, университетке саякат жасап, окутулуп жаткан адистиктер (багыттар) жана материалдык-техникалык база менен жакындан таанышууга чакырышты.

Иш-чара учурунда 2000 ден ашуун мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жана алардын ата-энелерине ОшМУнун студенттик “Нур” газетасы жана маалыматтык китепчелер, кошумча материалдар таркатылды.

Мындай жолугушуулар эми башка райондордо жана шаарларда улантылмакчы.

3407 19:54 12-02-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|