Haber

Борбордук Азия университеттер ассоциациясынын мүчөлөрүнүн кезектеги жыйынын өттү

8-февраль күнү Бишкек шаарында Кыргыз –Түрк “Манас” университетинде Борбордук Азия университеттер ассоциациясынын мүчөлөрүнүн кезектеги жыйыны болгуп, ага ОшМУнун өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректору А.Абдувалиев катышып келди.

Жыйындын жүрүшүндө ассоциацияга мүчө болгон Кыргызстандагы университеттердин Орхун программасына катышуу маселеси жана өз ара кызматташууну бекемдөө, веб-сайтты жакшыртуу (www.turkunib.org), ассоциациянын үчүнчү Башкы Кеңешине даярдыктар боюнча сүйлөшүүлөр болду.

Эскерте кетсек Борбордук Азия ЖОЖдорунун биримдигин, өз ара билим берүү усулдарын, жетишкендиктери, тажрыйба алмашуусу боюнча түзүлгөн ассоциацияга Кыргызстандан 4, Казакстандан 4, Туркиядан 5, ал эми Азербайджандан 3 университет мүчө болушкан.

3069 17:29 10-02-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|