Haber

Кадыралы Конкобаев магистранттар үчүн конок лекция өттү

Атактуу түрколог, Кыргыз-Түрк Манас университетинин профессору, филология илимдеринин доктору, Ош мамлекеттик университетинин (мурдагы ОшПИ) филология факультетин бүтүрүүчүсү Кадыралы Конкобаев бүгүн, 9-февралда кыргыз филологиясы жана журналистика, дүйнөлүк тилдер жана маданият жана эл аралык мамилелер факультетинин магистранттары үчүн “Кыргыз тилинин изилдениши” деген темада конок лекция өттү.

Лекциянын жүрүшүндө окумуштуу кыргыз тилинин изилденишине байланышкан бир топ маселелерге токтолуп, теманын алкагындагы суроолорго жооп берди, ошондой эле өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү.

Белгилей кетсек, учурда ОшМУ өлкөбүздөн, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн ЖОЖдорунан белгилүү окумуштуулардын келип, конок лекцияларды өтүп, тажрыйба бөлүшүп туруусуна өзгөчө көңүл буруп келет.

3805 16:58 09-02-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|