Haber

ОшМУнун Киноакадемиясы акыркы үлгүдөгү монтаждоочу компьютер менен камсыздалды

ОшМУнун Киноакадемиясына окуу жай тарабынан акыркы үлгүдөгү монтаждоочу компьютер тапшырылды.

Монтаждоочу компьютерди Киноакадемиягын директору Улукбек Омокеевге тапшырып жатып ОшМУнун ректору Каныбек Исаков Киноакадемияда билим алып жаткан таланттуу студенттер тарабынан тартылып башталган социалдык роликтер, документалдуу жана көркөм тасмалар ушул компьютер аркылуу монтаждалып, чыгармачылыктары арта беришин каалады. Ошондой эле университет демилгелүү, чыгармачыл жаштарды колдоорун айтып, мындан ары да тиешелүү заманбап техникалык каражаттар менен камсыздоо уланарын белгиледи.

Белгилей кетсек, январь айында ОшМУнун “Үмүт” телестудиясы жана Киноакадемиясы үчүн акыркы үлгүдөгү видеокамералар тапшырылган. Учурда Киноакадемияда актердук өнөр, кинооператор, режиссер багытында студенттер билим алышууда.

3011 12:31 06-02-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|