Haber

ОшМУда кышкы лагерлер башталды

Ош мамлекеттик университетинде мектеп окуучулары үчүн кышкы лагерь өз ишин баштады. Бул багытта бардык факультеттерде түрдүү багыттагы иш чаралар уюштурулуп жатат.

Учурда дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетине Араван райондук балдардын чыгармачылык борборунун чет тили ийриминин жетекчиси Ж.Хожиматов 34 окуучусу менен, Ош шаарындагы “Келечек” балдардын чыгармачылык борборунан 12 окуучу, Ош шаарындагы №31 Курманжан Датка мектебинен 22 окуучу, шаарыбыздын №26, №36, №41 орто мектептеринен жана SECOM окуу борбору аркылуу Чоң Алай районунан келип ЖРТга (ОРТ) даярдык көрүп жаткан окуучулар келип катышышты.

Иш чаранын алкагында окуучуларга факультеттин мүмкүнчүлүктөрү тууралуу видео-баян көрсөтүлдү. Экинчи бөлүгүндө факультеттин деканы С. Ш. Калыгулова сөз сүйлөп, фонетика жана грамматика кафедрасынын башчысы А.Акматова, Америка жана котормо таануу кафедрасынын башчысы Г. Аипова факультет жөнүндө кызыктуу презентацияларды беришти. Иш-чаранын жүрүшүндө мектеп окуучулары үчүн интерактивдүү оюндар уюштурулуп, суроо-жооптор, пикир алмашуулар орун алды. Ошондой эле окуучуларга университеттин бардык адистиктери боюнча маалыматтар камтылган буклеттер таркатылып берилди. Кышкы лагерди уюштуруудагы негизги максат мектеп окуучуларын кесипке туура багыттоо, университетте түзүлгөн кеңири мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берүү, тил үйрөнүүгө болгон кызыгууларын арттыруу, чет өлкөлөрдөн билим алууга жол ачкан ОшМУнун эл аралык программалары, университеттин чет өлкөлүк окуу жайлары менен түзүлгөн келишимдери боюнча маалымат берүү болду.

Аталган иш чара факультеттин карьера бөлүмүнүн жетекчиси Н. Эрмекбаева тарабынан уюштурулду.

3050 15:07 17-01-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|