Эл аралык кышкы мектеп 7 багыт боюнча “Суу ресурстарын башкаруу”, “Жашыл экономика”, “Инновациялык технологиялар жана айыл-чарбасындагы техникалык каражаттар”, “Жаратылыш ресурстарын пайдалануу”, “Өсүмдүктөрдү өстүрүүдөгү агроинновация”, “Ветеринария”, “Мал чарба жана азык-түлүк коопсуздугу” темаларында уюштурулат.
Уюштуруучулардын айтымында аталган кышкы мектепти уюштуруудагы негизги максат Болон процессинин негизги принциби болгон академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү болуп саналат.
“13 күн аралыгында катышуучулар Казакстандын, Россиянын, Таджикистандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Белоруссиянын белгилүү окумуштууларынын лекция, мастер-класс, тренинг, тегерек столдоруна катышып, билимин өркүндөтүп, практикалык көндүмдөрүн калыптандырышат жана маданий иш чараларга катышышат”, -деди ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин деканы Эрлан Камалов.