Haber

Кыргыз маданияты, билим берүүсү оор жоготууга учурады

Фахридин Баяков

(1949 – 2018. 01. 12)

69 жаш курагында катуу оорудан улам Ош мамлекеттик университетинин профессору, Кыргыз Эл артисти, көрүнүктүү комузчу, педагог, Фахридин Баяков дүйнөдөн кайтты.

Бактылуу балалыктан – өнөргө жол

Фахридин Баяков 1949-жылы 11- февралда Тажик Республикасынын Жергетал районунун Дувана айылында туулган. 1967- жылы Ош областына караштуу Кадамжай районунун Жданов атындагы орто мектебин бүтүргөн. 1967- 1971- жылдары Б. Бейшеналиева атындагы Искусство институтун “хорго дирижёрлоо” бөлүмүн аяктап, алгачкы эмгек жолун 1971- 1972-жылдары Ош областынын Фрунзе райондук маданият үйүнүн директору болуп баштаган. 1972-жылы Советтик армияга чакырылып кызмат өтөгөн. Агайдын көп жылдык өмүрү Ош мамлекеттик университети менен терен байланышкан. 1973- жылдан тартып өмүрүнүн соңку демине чейин ОшМУнун искусство факультетинде окутуучу, ага окутуучу, доцент, музыкалык аспаптарда аткаруу кафедрасында профессор, ал ишине удаалаш эле Ош областтык Р. Абдыкадыров атындагы филармонияда комузчу-аткаруучу, ОшМУнун “Таланттар академиясында” студенттерге устатык кылуу менен улуу өнөрдү кийинки урпактарга сиңирүүгө зор салым кошту.

Комуз күүсүн кең дүйнөгө жаңыртты

Комузчулук өнөрдү аркалаган талыкпас аракети жана эмгеги ири ийгиликтерди алып келди. Чыгармачылык ишмердигине, урунттуу учурлары: республикалык, областтык ар кандай кароо – сынактарга, концерттерге такай катышып, 1982-жылы комузчулардын республикалык кароо- сынагында биринчи орунду ээлеп, 1976-1979- жылдарда “Тогуз кайрык” телесынагынын эки ирет жеңүүчүсү болгон. 1973- 1977- жылдары институттун элдик театрынын режиссёру болуп иштеп турган учурда “Миң кыял” комузчулар ансамблин түзүп, “Элдик ансамбль” деген наамга татыктуу болгон. Бул ансамбль 1988- жылы Азербайжанда өткөрүлгөн эл чыгармачылыгынын Бүткүл союздук фестивалына катышып, байгелүү орунга ээ болсо, ушул эле жылы белгиленген улуу демократ акын Токтогул Сатылгановдун 125 жылдыгына арналган кароодо лауреат болууга арзыган. Агай жетектеген комузчулар ансамбли “Студенттик жаз” фестивалдарында алдынкы орунду ээлеп келген. Ф. Баяковдун катышуусунда эл аралык академиялык хор коллективдери Эстониянын “Таллин 75” алтын, Болгариянын “Варна 77” күмүш медалына татыктуу болушкан. Өзгөн райондук “Ариет” ыр-бий ансамблин жетектеп турган убакта ал ансамбль менен 1978- жылы Сирия, Иордания, ал эми 1987- жылы Ала- Бука районундагы фольклордук ансамблин жетектеп Индия, Непал сыяктуу мамлекеттерде концерттик программаларын тартуулашкан. 1999-2001- жылдарда Кытай Эл Республикасында эки ирет чыгармачылык сапарда болгон. Анын аткаруусундагы күүлөр АКШда компакт дискке жазылган. Москва, Ленинград, Самарканд, Душанбе шаарларындагы эл аралык симпозиумга катышып, күү чертип, атайын докладдарды окуган. 1987- жылы Карамолдонун 100 жылдыгында 1-орунду жеңип алган. Көп жылдык эмгегинде 100дөн ашык республикага таанымал таланттарды тарбиялоого жетише алды. Кыргыз улуттук радиосунун алтын фондунда Ф. Баяковдун чертүүсүндөгү 40тан ашуун күүлөр сакталып, ЭлТР радиосунун фондунда 30, Кытайдагы Кызыл-Суу кыргыз автоном областынын телерадиосунун фондунда 15тен ашуун күүлөр жазылып алынган.

Даңкталган өнөр, бааланган эмгек

Ф.Баяковдун элге кылган эмгеги коомчулук тарабынан татыктуу бааланып, 1984-жылы Кыргыз ССРинин элге билим берүүнүн мыктысы, 1986-жылы СССРдин маданият министрлигинин мыктысы, ВЦСПСтин мыктысы деген төш белгилери менен сыйланган. 1985- жылы Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин Ардак грамотасы, эл чыгармачылыгынын Бүткүл Союздук фестивалынын лауреаты болгон. Кыргыз Республикасынын “Эмгек даңкы” китебине анын ысымы киргизилген. 1993-жылы “ КРнын эмгек сиңирген артисти”, ал эми 2006-жылы “КРдин эл артисти” деген ардактуу наам ыйгарылган. 2009- жылы апрель айында болуп өткөн “Биринчи кыргыз салттуу музыка” жумалыгында “Устат-шакирт” фондунан жана Маданият министрлиги тарабынан “Устат” наамы ыйгарылган.

Өмүрлүк жубайы Үмүт Ташматова менен бир уул эки кызына татыктуу тарбия беришти. Үй-бүлөдө камкор ата, шакирттерине үлгүлүү устат, өнөргө өрнөк инсан. Агайыбыздын эмгектери окуучуларына кемибес казына, көөнөрбөс мурас болуп кала бермекчи.

Устат агайыбыздын жаркын элеси аны менен бирге иштеген кесиптештеринин, окуткан студенттеринин, окуучуларынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат. Баяков Фахридин агайдын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына терең көңүл айтуу менен аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

ОшМУнун ректораты, Кесиптик кошуну, профессордук-окутуучулук жамааты, студенттер

4230 12:33 13-01-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|