Haber

Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй, кыргыз үнү Рыспайдын үнүндөй

Бүгүн 12 – январь күнү XX кылымдын залкар обончусу Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карата Ош облустук филармониясында митинг - реквием өтүп, эстелигине гүл чамбарлар коюлду. Калың элдин жүрөгүнө сиңген кыргыздын кайталангыс ырчысын анын замандаштары, өнөр инсандары жана мамлекеттик ишмерлер эскеришти. Иш - чаранын жүрүшүндө улуу таланттын кайрыктары ырдалып, улуу-кичүүнү сыйлай билген, эч бир жандын көңүлүн оорутпаган адамдык сапаты тууралы кеп салышты.

Ош Мамлекеттик университетинин социалдык жана тарбия иштери боюнча проректору Т. Колдошов: “Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй, кыргыз үнү Рыспайдын үнүндөй”

“Рыспай Абдыкадыровду ырларын эс таркандан бери угуп чоңойдум. Обон дүйнөсүнө да анын ырлары менен келдим десем жаңылышпайм. Биз Рыспайдын “шинелинен” чыкканбыз деп айтар элем. Бүгүнкү күндө Ош мамлекеттик университетинин “Искусство” факультетинде улуу таланттын музейи ачылган. Колдонгон буюмдары, кол жазмалары сабак өткөн классы да атын алып жүрөт. Чыгармалары, эмгектери, музыкалары боюнча студенттер дипломдук иштерин коргоп жатышат. Ошону менен бирге көрөңгөсү кең, ар тараптуу таланттуу жаштардын борбору болгон Р. Абдыкадыров атындагы “Таланттар академиясы” да жаш муундардын максатына жол ачып берүүдө. Обондору кыргыз музыкасынын бийиктиги, Чолпон жылдызы болуп жана бермекчи” – деди Т. Колдошов.

Белгилей кетсек, улуу талант Рыспай Абдыкадыров 1941-жылы жарык дүйнөгө келип, 1994-жылы каза болгон. Көзү тирүү болгондо быйыл 76 жашка чыкмак.

3614 21:37 12-01-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|