Аталган семинар-тренинг Эразмус+ программасынын улуттук эксперттери Айгүл Нуралиева, Эрмек Байбагышовтор тарабынан өтүлүп, семинарга бардык факультеттерден долбоорлор менен ийгиликтүү иштеп келе жаткан окутуучулар жана каалоочулар катышууда.
“Долбоор жазуунун жолдорун үйрөтүү, көйгөйлөрдү жана кызыктар тараптарды аныктоо сыяктуу маселерди өз ичине камтыган семинар-тренинг катышуучулардын кызыгуусу менен өтүлүүдө. ОшМУда мындай Эразмус+ программасынын алкагындагы долбоорлорго кирүү, долбоор жазуудагы жаңы ыкмаларды өздөштүрүү багытында семинар-тренинг экинчи ирет уюштурулуп жатат”,-деди эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы С.Амиралиев.