“Математике предметинен 1 «в» классынын окуучулары Ильясова Назбийке, Абдырахманова Арууке, Базарбаев Ариет 1-орунга ээ болушса, Тажибаев Артур, Төлөгөнов Даниель 2-орунга ээ болушту. Орус тили предметинен 1 «б» классынын окуучусу Раимкулова Тансулуу 2-орунга, Абдимиталипов Самаган 3-орунга ээ болушту. Ошондой эле 3 «а» классынын окуучулары Ураимова Каныкей, Жоробекова Каухар, Жоомартов Байсал активдүү катышкандыгы үчүн сыйланышты.
Аталган олимпиадага окуучулардын катышуусуна борбордун мугалимдери Ф.Б. Мухтарова, Г.Р. Азизова, Н.Ш.Шамырбековалар жетекчилик кылышты. Жалпы жамааттын атынан балдардын билиминин бааланышына салым кошкон мугалимдерге жана жеңишке жеткен окуучуларга ыраазычылык билдирем”,-деди "Зирек" билим берүү борборунун директору Үмүт Кушбак кызы.
Белгилей кетсек, аталган эл аралык олимпиаданын уюштуруучулары тарабынан “Зирек” билим берүү борборунун педагогикалык жамаатына “Ыраазычылык кат” жөнөтүлгөн.