ОшМУдан байкоочу катары катышкан он-лайн режимдеги конференцияга өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректору А. Абдувалиев, Эл аралык мамилелер факультетинин аймак таануу кафедрасынын башчысы С. Ибрагимова жана Иран таануу багытында окуган студенттер катышышып, дипломатиялык багытта уюштурулган конференциялардын жүрүшү, Кыргызстан менен Иран өлкөсүнүн 25 жыл аралыгындагы кызматташтыгы, алдыдагы максаттар боюнча маалыматтарды алышты.
Аталган жыйынга Иран жана Кыргызстандын бир нече министрликтеринин өкүлдөрү, элчилер, дипломаттар, коомдук, саясий ишмерлер катышышты.