Haber

ОшМУнун ректору Кытайдын Шаньси провинциясынын интернет ресурсуна маек курду

ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков Кытай Эл Республикасында болуп жаткан жыйындын жүрүшүндө Кытайдын Шаньси провинциясынын интернет ресурсунун журналистери менен маектешип, интервью берди.

Маектешүүнүн жүрүшүндө «Улуу Жибек Жолу», «Бир жол, бир кур» стратегиялык планы боюнча журналистин суроолоруна жооп берди. Бул программаны турмушка ашырууда билим беруунун, илимдин, маданияттын ролу өтө маанилүү экенине токтолду. «Улуу Жибек Жолу» биринчи кезекте адамдар менен мамилелешүүнүн жолу болушу керектигин, соода-сатыктын, экономикалык байланыштардын, адамдардын өз ара түшүнүүсүнө руханий, маданий байланышына бири-бирин урматтап жашоосуна жол ача тургандыгын белгиледи. Бул үчүн илимпоздор илим жолун, билим берүү кызматкерлери билим жолун, маданият кызматкерлери маданият жолун куруп, региондогу туруктуулук, өсүп-өнүгүү учун салым кошушубузду баса белгиледи. Бул маектешүү 14-декабрь күнү Шаньси провинциясынын интернет ресурсуна жарыяланды.

Шаньси провинциясынын интернет ресурсуна жарыяланган материалдын төмөнкү шилтемеде: //edu.ishaanxi.com

3504 08:04 15-12-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|