Haber

ОшМУнун ректору Каныбек Исаков Кытайдагы симпозиумда баяндама жасады

Конфуций Институттарынын дүйнөлүк жыйынында ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков чон секциялык жыйында спикер катары катышып, Ош мамлекеттик университетиндеги жаңы моделдеги структуралар, алардын маани-маңызы, билим берүүнүн сапатын көтөрүүдөгү ролу, жыңычылдыгы, инновациялык табылгалары жөнүндө баяндама жасады. Өзгөчө ОшМУнун Конфуций Институтундагы маданияттардын көп түрдүүлүгү, студенттерди кайрымдуулукка жана боорукердикке тарбиялоодогу өзгөчөлүктөрү, ОшМУнун Конфуций Институтунун Борбор Азиядагы чынчыл илимий жана окуу-усулдук борбор болууга умтулуп жаткандыгы баса белгиленди. Ошондой эле Кырыгыз-Кытай факультетинин перспективасы жөнүндө ой бөлүштү.

Бул жыйында Каныбек Исаков менен бирге Малазиянын, Кытайдын, Сербиянын, Танзаниянын университеттеринин ректорлору баяндамаларды жасашты. ОшМУнун Конфуций Институтунун тажрыйбалары, изденүүлөрү билим берүү ишмерлеринин кызыгуусун жаратты.

3585 09:41 14-12-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|