Haber

ОшМУнун билим берүүдөгү ийгиликтери Кытайда эн мыкты деп таанылып алтын медаль тапшырылды

12-декабрь күнү Кытайдын Сиан шаарында Дүйнөдө 625 университеттерде жайгашкан Конфуций институттарынын жыл жыйынтыктоочу салтанаттуу жыйыны башталды. Жыйынга дүйнөдөгү Конфуций институттары жайгашкан университеттердин ректорлору жана директорлору катышып, жыл жыйынтыгын чыгарышты.

Ага Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик кеңешинин вице-премьери, Конфуций Институттарынын Штаб квартирасынын кеңешинин төрайымы Лю Яндун айым катышып, «Улуу жибек жолу, Бир жол, бир кур» стратегиялык программасы боюнча аткарылып жаткан иштер, перспективалары жөнүндө кеңири мазмундуу баяндама жасады.

Андан соң Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик кеңешинин вице-премьери жыл бою айырмаланган жетекчилерге, илимпоздорго үзүрлүү эмгектери үчүн түрдүү номинациялар боюнча сыйлыктарды жана медалдарды тапшырды.

2017-жылдын жыйынтыгы боюнча ОшМУнун Конфуций институту жемиштүү жана изденгич эмгеги учун «Жылдын мыкты институту» номинациясына ээ болду.

Ал эми ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаковго кыргыз-кытай мамилелерин өркүндөтүүгө кошкон бараандуу салымы жана ОшМУнун Конфуций институтуна өзүнчө курган окуу корпусу, жатаканасы үчүн жана материалдык-техникалык базасын чындоого, окуу-усулдук потенциалын жогорулатууга кошкон демилгелүү салымдары, жаштарга терең билим берүүдөгү ишмердүүлүгү үчүн дүйнөлүк Конфуций Институтунун башкы башкармалыгы тарабынан «Жылдын мыкты жетекчиси» номинациясы жана АЛТЫН медалы ыйгарылды. Сыйлыкты Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик кеңешинин вице-премьери салтанаттуу түрдө тапшырды.

Ошондой эле ОшМУнун HSK борбору “Мыкты тестирлөө” номинациясын женип алды. Ал экинчи сыйлыкты ОшМУнун ректору Каныбек Исаковго Конфуций Институттарынын башкы башкармалыгынын жетекчиси тапшырды.

3830 23:26 12-12-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|