Haber

ОшМУнун бардык факультет, колледждеринде Адабият күнүнө арналган кечелер уюштурулду

Ош мамлекеттик университетинин факультет, колледждеринде Адабият күнүнө арналган жумалык иш чаралар белгиленип, түрдүү багыттагы адабий-музыкалык кечелер уюштурулду.

8-декабрь күнү ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде Ч.Айтматовдун туулган күнүнө арналган "Айтматовду эскерүү" кечеси болуп өттү.

Анда медицина колледжинин жана финансы-юридикалык колледжинин таланттуу студенттери тарабынан залкар жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөр коюлуп, улуу жазуучунун элесине арналган ырлар көркөм окулуп, музыкалык номерлер аткарылды. Бизнес жана менеджмент факультетинде "Айтматовдун туулган күнүн утурлай..." деген темада адабий-музыкалуу кече, Орус филологиясы жана Эл аралык мамилелер факультетинде жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнө арналган "Чынгызым-менин сыймыгым", ОшМУнун медицина факультетинде "Атагын көрчү тарыхтан, Асыл жан элең даанышман" аттуу адабий-музыкалуу кечелер жогорку деңгээлде уюштурулду.

Кечелерде заманыбыздын залкар жазуучусу Чынгыз Айтматовдун өмүрү, чыгармачылыгына арналган акын-жазуучулардын чыгармалары көркөм окулуп, жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөр саханалаштырылып көрсөтүлдү.

Адабият күнүнө арналган иш чаралардын алкагында университеттин бардык факультеттеринде мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан өткөрүлгөн чыгармачыл студенттердин эссе жазуу жана автордук ырлардын конкурсу жыйынтыкталып, аларды дипломдор менен сыйлоо аземи уюштурулду. Кечеге Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясынын Ош жана Жалал-Абаддагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү фондунун кызматкери Эркайым Маматкерим кызы катышышты.

3794 16:00 12-12-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|