ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков айлык акылардын жогорулашы боюнча: “Окутуучуларыбызга мүмкүн болгон бардык шартты түзүп, ошого жараша жоопкерчиликти күчөтүүгө аракет кылып келе жатабыз. Окуу жайда ыксыз чыгымдарды кыскартуунун, үнөмдөөнүн натыйжасында айлык акыларды өстүрүүгө шарт жаралууда. Айлык акылардын жогорулашы ар кандай негативдүү көрүнүштөрдүн алдын алып, ОшМУнун 100дөн ашык окутуучулары ипотекалык негизде турак жай алууларына да негиз болууда”,-деди.
Белгилей кетсек, декабрь айында ар бир кызматкерге жаңы жылга карата бир оклад өлчөмүндө 13 айлык сыйлык акчалар төлөнүп берилет.