Устаттарым жөнүндө эскермелер

Илимпоз-педагог – философия илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер Токтосун Аттокурович 80 жашта

Бүгүн биз университетибиздин түпкүлүктүү окуу жай экендигине, анын тамыры терең, келечеги кенен экендигине ынанып, дагы бир ирет өткөнүбүзгө саресеп салып, бүгүнкүбүздү анализге алып, келечегине көз жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк алып жатабыз.

Ош мамлекеттик университети кечээ эле ачылып, ишмердүүлүгүн аз аралыкта жүргүзгөн билим уясы эмес. Ош мамлекеттик университети 78 жылдык тарыхы бар, көп көрүнүктүү илимпоз педагогдор билим берип байырлаган, куттуу билим уясы.

Университет канчалаган адам тагдырларына күбө болгон, канчалаган көрүнүктүү инсандардын тагдырын жакшы жакка өзгөрткөн, канчалаган инсандар жаштыгын, жан жигерин, билимин, эс акылын берген, канчалаган инсандар университет менен тагдырлаш, сапарлаш болгон.

Биз бүгүн 53 жылдан бери өмүрү университет менен түздөн-түз байланышкан илимпоз-педагогубуздун – философия илимдеринин доктору, философиянын жана социологиянын профессору, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, ОшМУнун билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер агайыбыз “Философия жана политология” кафедрасынын башчысы Токтосун Аттокуровичтин 80 жылдык маарекесин Сиздер менен биргеликте белгилеп жатабыз!

Токтосун Аттокурович өмүрүнүн 80чи ашуусуна эли-журтубузга жүзү жарык, элге арналган эмгеги менен келди десек жарашат.

Себеби акыркы 80 жылда кыргыз эли кандай күндү башынан өткөрсө, Токтосун Аттокурович дагы элибиз менен кошо ошондой күндөрдү өз башынан кечирди. Балалыгы согуш жылдарына туш келип, “Бардыгы фронт үчүн, бардыгы жеңиш үчүн” деген заманда тоо койнундагы Алай жергесинин Жошолу айылында өттү. Согуш мезгилинде өскөн балдар чыйрак, өжөр, өз киндигин өздөрү кескен тың балдар болушкан. Себеби тарыхый шарттар ошого ылайык тарбиясын берип, изин калтырган. Мектепти бүткөндөн кийин айылдагы колхозчу катары эмгек жолун баштаган.

Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктагандан кийин Гүлчөдө “Макаренко” мектебинде мугалим болуп иштеп, андан кийин Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын философия институтунун аспиранты болгон.

Илимий-педагогикалык жолу 1965-жылдан ОшПИнин философия кафедрасынын окутуучусу болуудан башталган. Ушул аралыкта окутуучу, ага окутуучу, доцент, профессор кызматын аркалап, “Илимий коммунизм” кафедрасынын башчысы (1988-1991-ж.), “Философия жана социолизм теориясы” кафедрасынын башчысы (1991-1992-ж.), азыркы учурга чейин “Философия жана политология” кафедрасын аркалап келүүдө.

3 илимдин кандидатын даярдап, социология, үй –бүлө социологиясы боюнча ири илимпоз катары 80ден ашуун илимий макалаларды, 5 монографияны жарыкка чыгарды. Белгилүү илимпоз Токтосун Аттокуров агайыбыз бүткүл ишмердүүлүгүн, өмүрүн илим изилдөөгө, билим берүүгө арнап, дайыма изденүүдө болуп, илимий жыйынтыктарын коомчулуктун көңүл борборуна алып чыгып, коомдук аң сезимди жаңы нукка буруп келген окумуштууларыбыздан болуп саналат.

“Мамлекет үй-бүлөдөн башталат”, - деген сөз бар эмеспи. Совет мезгилиндеги үй-бүлөлөрдүн бекемдиги, үй-бүлөлүк тарбия, үй-бүлөлүк традициялар, жаңы шарттарда өзгөрүүгө учурап жаткан үй-бүлөлөр, интернационалдык үй-бүлөлөр жана тарбия, үй-бүлөдөгү аялзатынын орду, үй-бүлөнүн социалдык көйгөйлөрү тууралуу кезинде кызыктуу социологиялык изилдөөлөрдү жасаган. Бул илимий изилдөөлөрү коомчулукта кеңири кызыгууларды жараткан.

Андыктан бүгүнкү коомдо үй-бүлөлөр да деградацияга учурап, жаңы, али биз күтпөгөн үй-бүлөлүк көйгөйлөр жаралып жаткан кезде, үй-бүлөлүк баалуулуктарды, ыйыктыктарды, традицияларды сактоодо агайдын макалаларына, басма сөз беттерине жарыяланган интервьюларында айтылган ойлоруна кайрылсак жакшы болор эле.

Бүгүн жарандык нике, аз камсыз болгон үй-бүлө, жалгыз бой эне, үй-бүлөнү калыптандыруу, үй-бүлө куруудан баш тартуу, көп аял алуу, бир жыныстуулардын үй-бүлө курушу ж.б.у.с. бир мезгилде биздин аң сезимибизге кирбеген көйгөйлөр жаралды. Улуттук асыл баалуулуктарыбызга шек келтирилүүдө. Бул үй-бүлөлүк нравалык көйгөйлөрдү туура чечүү үчүн профессор Токтосун Аттокуров агайыбыздын изилдөөлөрүнө кайрылуу, бүгүнкү коомдогу изилдөөлөр үчүн кызыктуу маалыматтарды берет деп ишенем.

Бүгүн шаарда деле, айылда деле маданий талаптар, баалуулуктар төмөндөп баратат. Адамдардын жашоо маданиятын көтөрүү менен турмуш тиричилик маданиятын көтөрүү ажырагыс биримдикте экендигин жакшы билебиз. Руханий жактан бекем үй-бүлөлөр болгондо гана пайдубалы бекем мамлекет курулат деп ишенимдүү айта алабыз.

Урматтуу Токтосун Аттокурович, Сиз окумуштуу жана уюштургуч жетекчи катары философия жана политология кафедрасын жетектеп келесиз. Сиз билим берген студенттериңиз, шакирттериңиз кандидаттык диссертацияларын коргоп, бир топ илимий изилдөөлөрдүн үстүндө эмгектенип жатышат. Бул да болсо Сиздин жаштарга берген билимиңиздин үзүрү.

Ош мамлекеттик университетинин калыптанышында, түптөлүшүндө Сиздин ордуңуз чоң. Сиздин эмгектериңиз жаштарыбызга тарбия, үлгү берип, илимге шыктандырып келет.

Сиз бир эле окумуштуу, устат гана эмес, эки уул, бир кызды, неберелерди тарбиялаган камкор атасыз. Сизге чың ден соолук, узун өмүр, иштериңизге ийгиликтерди каалайбыз. Урматы бийик устат катары келечек муундарды тарбиялоодо талыкпай эмгектене беришиңизге тилектешпиз. Кудай таала узак өмүр, бактылуу карылык берсин.

Исаков Каныбек

ОшМУнун ректору,

профессор

 

6045 09:57 07-12-2017

                 

Устаттарым жөнүндө эскермелер

|< 1 2 >|