Haber

ОшМУда х.и.д., профессор Дильбар Алтыбаеванын 70 жылдык мааракесине арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өтүп жатат

Бүгүн, 24-ноябрь күнү ОшМУда химия илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Илим жана техника тармагы боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер”, профессор Алтыбаева Дильбар Тойчуевнанын 70 жылдык юбилейине арналган “Химия жана химиялык технологиялардын заманбап проблемалары. Табият таануу жана гуманитардык илимдердин актуалдуу маселелери” деген аталыштагы эл аралык илимий-практикалык конференция өтүп жатат.

Мааракеге Америка, Өзбекстан, Кыргызстандагы аалым-окумуштуулар, республикадагы бардык жогорку окуу жайларынан ректорлор, атайын өкүлдөр, устаттары, эжекеден өрнөк алган шакирттери, университеттин профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышышты.

Пленардык жыйында сөз сүйлөгөн ОшМУнун ректору Каныбек Исаков маараке ээсин куттуктап, Дильбар Тойчуевнанын өмүр жолу, жасаган эмгектери, илимдеги изденүүлөрү, табылгалары, адамдык асыл сапаттары боюнча баяндама жасап жатып “ Сиз ОшМУнун өсүп-өнүгүүсүнө илимпоз-педагог, жетекчи катары бараандуу салым коштуңуз. Бүгүн да жемиштүү иштеп келе жатасыз. ОшМУ менен тагдырлаш, сапарлаш болдуңуз. Сизди устаттарыңыз үлгүлүү шакиртибиз деп билишет. Ал эми теңтуштарыңыз, курбуларыңыз мыкты дос катары урматташат. Ал эми миңдеген шакиртттериңиз сүйүктүү устат катары кадырлашат, сиз менен сыймыктанышат. Ал эми биз университет жетекчилери сиз менен мактанабыз, сыймыктанабыз, урматтайбыз”, -деп, университеттин жамаатынын атынан ОшМУнун Ардак грамотасын, куттуктоо баракчасын, акчалай сыйлыгын тапшырды.

Конференциянын жүрүшүндө КРдин Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн, Ош шаардык мэриясынан, Билим берүү жана илим министрлигинен, КРдин УИАнан, Андижан мамлекеттик университетинен, республикабыздын бардык ЖОЖдорунан келген өкүлдөр, жакын санаалаштары, устат, шакирттери Дильбар Тойчуевнанын өрнөктүү өмүрү жөнүндө ойлорду айтышып, куттуктоолорун жолдошту. Ошондой эле пленардык жыйындын жүрүшүндө илимий докладдар жасалды.

Конференцияга катышып жаткан АКШнын Джортаун университетинин профессору Джон Кларк маараке ээсин куттуктап, 1196-1997-жылдары Дильбар Тойчуевна факультетти жетектеп турганда конок лектор катары келип, “экологиялык география” боюнча лекция окугандыгын эскерип, канча жылдар өтсө да илимий изилдөөлөр багытында кызматташып келе жаткандыгын жана маараке ээси мыкты лидер, изденген илимпоз экендигин баса белгиледи.

Конференциянын кийинки бөлүгү секцияларда улантылууда.

Белгилей кетсек, Дильбар Тойчуевна студент мезгилинде үлгүлүү окуп, Лениндик стипендияга татыган. Химия илиминин актуалдуу маселелери боюнча изилдөөлөрүнүн негизинде 2 монография, 4 окуу-усулдук колдонмо, 6 автордук күбөлүк, 100дөн ашуун илимий макалалардын автору болгон. Ош облусунда “жеке чарбалардын өнүгүүсү” долбоорун түзүүгө активдүү катышкан. Эжекенин колунан билим алып чыккан бүтүрүүчүлөрдүн арасында мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илимдин докторлору, профессорлор, илимдин кандидаттары, доценттер ондоп саналат. Учурда бир топ аспиранттарды, магистранттарды даярдап, илим тармагында талыкпай эмгектенүүдө.

4116 15:29 24-11-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|