Майрамдык иш чарага ректораттын өкүлдөрү, факультеттин жетекчилиги, стейкхолдерлер Ош шаарындагы №27 Барпы мектебинен, Панфилов орто мектебинен өкүлдөр, студенттердин ата-энелери, окутуучулар, студенттер катышышты.
“Кечени майрамга арналган сахналаштырылган көрүнүштөр, оюн-зоок, ыр-бий, көркөм окуу, жаңылмач айтуу сыяктуу программалар коштоп, тамак-аш көргөзмөлөрү тартууланды. Бул майрам АКШ менен Канадада 400 жыл мурда пайда болуп, ноябрь айынын төртүнчү бейшембисинде белгиленип келет”, -деди кечеге катышкан эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы С.Амиралиев.