Аталган сынакта ОшМУнун тарых факультетинин 7 студенти Б. Жумабаев, Кадырбек уулу И., А. Колпакова, Б. Суйутбеков, Сапарали кызы Б., Ж. Маматалиева, Ж. Орозмаматовдор жигердүү катышкандыгы үчүн Кыргызпатенттин атайын сертификаттарына ээ болушту. Аталган студенттер конкурска факультеттин илимий иштер жана тышкы байланыштар боюнча декандын орун басары Г.Чыныкееванын демилгеси менен катышып, мариалдарды интернет аркылуу жөнөтүшкөн.
Белгилей кетсек, сынак жаштар арасында интеллектуалдык менчик жана салттуу билимдер тууралуу түшүнүктөрүн кеңейтүү, интеллектуалдык менчик жана салттуу билимдер, анын ичинде кыргыз элинин каада-салтын сактоо жана жайылтуу максатында уюштурулуп, жалпы республика боюнча 52 эссе калыстардын сыноосуна коюлган.