Haber

ОшМУнун «Ыйман» гимназиясында ата-энелер конференциясы өттү

ОшМУнун “Ыйман” гимназиясында 19-ноябрь күнү ата-энелер конференциясы уюштурулду.

Конференцияга катышкан ОшМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору Ташболот Жороев бадардын билим алуусуна кайдыгер карабай, кабар алып келген ата-энелерге ыраазычылыгын билдирип, мындан ары да бул кызматташтыкты өнүктүрүү, тыгыз байланышта болуп, биргеликте иш алып баруу учурдун негизги талабы экендигине токтолду.

Иш чаранын жүрүшүндө гимназияда билим алып, окуудагы жетишкендиктери, үлгүлүү жүрүм-туруму, коомдук иштердеги активдүүлүгү менен айырмаланган окуучулардын ата-энелерине ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө ата-энелерге балдар билим алып жаткан шарттар, окуу-тарбиялык иш-аракеттер, автоматташтырылган маалымат системасы боюнча маалыматтар берилди жана ата-энелер интернет аркылуу үйүндө олтуруп балдардын чейректик жыйынтык баалары боюнча маалыматтарды көрүүгө боло тургандыгы боюнча көрсөтмөлөр айтылды.

Гимназиянын таланттуу окуучуларынын концерттик программасы тартууланып, сый тамактар уюштурулду.

“Жолугушуу ата-энелерге университет, гимназия тууралуу маалымат берүү, алардын пикирлерин угуу, ата-энелер менен болгон байланышты чындоо максатында уюштурулду. Учурда гимназияда 8-9-10-11-класстарда 120 окуучу билим алып, алар жатакана, 3 маал ысык тамак менен камсыздалган. Сабактан кийин окуучулар кошумча кружоктордо билимин өркүндөтүп келишет”, -деди гимназиянын директору Жеңиш Элболдуев.

4281 10:32 23-11-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|