Haber

ОшМУ “Кыргызстан-Өзбекстан” көргөзмө-жарманкесинде ка-тышып келди

2017-жылдын 5-6-октябрында Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын президенти А.Ш. Атамбаев жана Өзбек Республикасы-нын президенти Ш.М. Мирзиеев катышкан “Кыргызстан-Өзбекстан” көргөзмө-жарманкеси болуп өттү.

Аталган көргөзмө-жарманкеге Кыргызстандын 6 жогорку окуу жа-йы Ош мамлекеттик университети (Сопуев А., ректордун кеңешчиси, Программалоо каф. б., ф.-м.и.д., профессор), Кыргыз улуттук агрардык универститети (А.Ш. Иргашев, Окуу иштери б-ча проректор, в.и.д., профессор), Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (Б.Э.Таштобаева т.и.к., профессор), Кыргыз-Түрк “Манас” университети (А.О. Капарова Коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары), Американын борбордук Азиядагы университети (Кадырова К.К., АУЦАнын даярдоо бөлүмүнүн деканы), Кыргыз-Россия славян университети (Д.А. Бруслевский, филос.и.к., ЮНЕСКО каф. доценти) катышышты.

Көргөзмөгө окуу жайлар жөнүндө жалпы маалыматтарды чагыл-дырган чоң көлөмдөгү баннер, китептер, журналдар, буклеттер, DVD-дисктер жана башка материалдар коюлду.

ОшМУнун атынан көргөзмө-жарманкеге Математика жана информа-циялык технологиялар факультетинин профессору А. Сопуев катышып, Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстандын улуттук университети менен ОшМУнун ортосунда кадрларды даярдоодо, билим берүү жана илимий изилдөөлөр багыттарында биргеликте иш алып баруу боюнча алдын-ала сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келди.

Көргөзмөгө келген өзбекстандык бир топ жарандар Ош мамлекеттик университетине барып окууну каалай тургандыгын билдиришти.

Иш сапар мезгилинде А. Сопуев Өзбекстан Илимдер Академиясынын Математика институтуна барып, Академик М.С. Салахитдинов жетектеген илимий семинарга катышты. ОшМУда жана Математика институтунда мындан ары илимий кадрларды биргеликте даярдоо боюнча макулдашуулар болду.

4003 15:11 16-10-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|