Haber

Премьер-министр мыкты суроо ээлерин сыйлады

Ош мамлекеттик университетинде 26-сентябрда болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков менен болгон жолугушууда маанилүү суроолорду берген бир топ студенттер Өкмөт башчы тарабынан белгиленип, аларга 10 күн аралыгында өзүнүн жекече белектерин жөнөтөрүн билдирген.

Бүгүн, 5-октябрь күнү Премьер-министр айткан сөзүнүн мүдөөсүнөн чыгып, белектерин жөнөттү.

Белектерди тапшыруу үчүн окуу жайыбызга келген КРдин Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары Эмилбек Бусурманкулов ОшМУнун бизнес жана менеджмент факультетинин студенти Тинатин Мамашарипова, юридика факультетинин студенти Туйгунбек кызы Нуризат, табият таануу жана география факультетинин студенти Марат уулу Нуристамга Премьер-министр Сапар Исаковдун атынан куттуктоо сөзүн айтып, ар бирине планшет жана Өкмөт башчынын жеке визиткаларын тапшырды.

Белектерге ээ болгон студенттер Премьер-министрге университеттин жалпы студенттеринин атынан ыраазычылыктарын билдиришип, талыкпай билим алуу менен өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон жаштардын катарын толуктайбыз деген тилегин билдиришти.

5386 18:01 05-10-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|