Haber

Ош шаарынын күнүнө ОшМУдан Ошко” аттуу концерттик программа тартуулады

Бүгүн Ош шаарынын күнүнө карата шаар тургундарына жана конокторуна Ош мамлекеттик университети тарабынан Алымбек датка эс алуу борборунда “ОшМУдан Ошко” деген аталыштагы чоң программадагы концерт тартууланды.

Байыркы Ош шаарынын күнүнө арналган салатанттуу иш чарада ОшМУнун таланттуу студенттери Ош шаарына арналган обондуу ырларды ырдап, бийлеп, акындардын ырларынан көркөм окушту. Жалпы университеттин жамаатынын атынан шаар тургундарын жана конокторун майрамы менен куттуктап, маанайларын көтөрүштү.

Белгилей кетсек, университтин жалпы жамааты Ош шаарынын күнүнө арналып уюштурулуп жаткан жалпы иш-чараларга активдүү катышууда.

3577 16:59 05-10-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|