Haber

Илимпоз-педагог окумуштуу Токтосун Аттокуровичтин 80 жылдык маарекеси белгиленди

Ош мамлекеттик университетинде илимпоз-педагог, философия илимдеринин доктору, философиянын жана социологиянын профессору, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, ОшМУнун билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер “Философия жана политология” кафедрасынын башчысы Токтосун Аттокуровичтин 80 жылдык маарекеси белгиленди.

Мааракеге Ош облустук мамлекеттик администрациясынын социалдык бөлүмүнүн башчысы А.Рахманова, КРдин УИАнын академиги Бектемир Мурзубраимов, УИАнын вице-президенти, академик Биймырза Токторалиев, ошондой эле Кыргызстандагы бир нече жогорку окуу жайларынын ректорлору, илимпоз-окумуштуулары, Токтосун Аттокуровичтин шакирттери, тууган-уруктары, айылдаштары катышышты.

Мааракеде куттуктоо сөзүн сүйлөгөн ОшМУнун ректору Каныбек Исаков “Токтосун Аттокурович өмүрүнүн 80чи ашуусуна эли-журтубузга жүзү жарык, элге арналган эмгеги менен келди десек жарашат. Окумуштуу-илимпоз катары 3 илимдин кандидатын даярдап, социология, үй –бүлө социологиясы боюнча ири илимпоз катары 80ден ашуун илимий макалаларды, 5 монографияны жарыкка чыгарды.

Белгилүү илимпоз Токтосун Аттокуров агайыбыз бүткүл ишмердүүлүгүн, өмүрүн илим изилдөөгө, билим берүүгө арнап, дайыма изденүүдө болуп, илимий жыйынтыктарын коомчулуктун көңүл борборуна алып чыгып, коомдук аң сезимди жаңы нукка буруп келген окумуштууларыбыздан болуп саналат. Ош мамлекеттик университетинин калыптанышында, түптөлүшүндө Сиздин ордуңуз чоң. Сиздин эмгектериңиз жаштарыбызга тарбия, үлгү берип, илимге шыктандырып келет. Сиз бир эле окумуштуу, устат гана эмес, эки уул, бир кызды, неберелерди тарбиялаган камкор атасыз. Сизге чың ден соолук, узун өмүр, иштериңизге ийгиликтерди каалайбыз. Урматы бийик устат катары келечек муундарды тарбиялоодо талыкпай эмгектене бериңиз”,- деген тилегин билдирип, университеттин жамаатынын атынан белектерин, акчалай сыйлыгын тапшырды.

Кеченин жүрүшүндө коноктор куттуктоо сөздөрүн жолдошуп, концерттик программалар тартууланды.

5164 16:37 22-09-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|