Haber

ОшМУнун искусство факультетинин 5 кабаттуу окуу имаратына капсула салынды

Кечээ, 21-июль күнү ОшМУнун искусство факультетинин жаңы окуу имаратынын пайдубалына капсула салынды.

Саамалыкка университеттин профессордук-окутуучулук жамааты катышып, окуу имарат ак жолтой болуп, факультетте билим ала турган таланттуу улан-кыздардын келечеги кең, жолу шыдыр болушун тилек кылышты.

ОшМУнун искусство факультети учурда музыкалык билим берүү, көркөм өнөр, сүрөт искусствосу, эстрадалык искусство, актердук чеберчилик, дизайн, стилист, костюмер сыяктуу кесип ээлерин даярдап, учурда 700гө жакын студенттер билим алышат.

Имараттын пайдубалына капсула салып жатып ректор Каныбек Исаков «Өзгөчө эгемендүүлүк жылдарында маданиятка, искусствого анча көңүл бөлүнбөй калган учурлар болду. Бирок өнөр, искусство элибиздин кан-жанына сиңген. Андыктан биз ушул көркөм маданият, өнөр, искусствого кызыккан жаштарды колдоп, өзгөчө элибиздин арасындагы таланттуу, жөндөмдүү жаштарды тарбиялап өстүргөн заманбап окуу имаратын курууну чечтик», -деди.

5 кабаттан турган окуу имаратында эки чоң дизайнер, стилисттердин жана сүрөт искусствосундагы белгилүү сүрөтчүлөрдүн, мугалимдердин, студенттердин эмгектери орун алат. Ал эми жер төлөсүндө тигүү цехтери жайгашат. Окуу имарат адистиктерге ыңгайлашкан, заманбап талаптарга негизделген окуу кааналары, концерттик залдар менен толукталат.

Ошондой эле имарат жаңы типтеги, азыркы заман талабына жооп берген унивкалдуу архитектуралык имарат болот. 5 кабаттуу имараттын сырткы бөлүгүнө кыргыздын комузунун силуэти түшүрүлүп, комуздан кыргыздын күүлөрү жаңырып, кечкисин жарыктандырылат жана анын жанына музыкалык ачкыч орун алат. Айланасы кооз аллеяга айланат.

Курулуштун тендердик баасы 57 млн сомду түзүп, тендерден уткан ППА курулуш компаниясы тарабынан жүргүзүлүүдө, окуу имараты 2018-жылы пайдаланууга берилет. Белгилей кетсек, ОшМУда акыркы 3 жылда 10 жаңы окуу имараты курулуп, пайдаланууга берилген.

5536 12:14 22-07-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|