Haber

ОшМУнун эң жашы улуу бүтүрүүчүсү Адалат Мусаев: «Окуунун эрте-кечи жок»

Ош мамлекеттик университетин медицина факультетин эң жашы улуу студенти Адалат Мусаев быйыл 66 жаш курагында окууну аяктады.

“Билим алуунун эрте-кечи жок” деген принципти туу туткан Өзбекстандын Андижан облусунан тургуну Адалат Мусаев 60 жаш курагында медицина факультетине тапшырып, быйыл 66 жаш курагында окууну ийгиликтүү аяктап, кыялдары орундалып тургандыгын университетте болуп өткөн ант берүү аземинде жар салды. Анын айтымында окууга тапшырганга чейин Андижан облусундагы анкологияда 30 жыл фельдшер кызматын аркалаган, бирок анын дарыгер болуу кыялы пенсияга чыккандан кийин да билим алууга себепчи болгон. Эми мындан ары ординатурасын улантууну ойлоп жаткандыгын айткан ОшМУнун бүтүрүүчүсү Адалат Мусаев билим алууга толук шарт түзүп, жогорку квалификациялуу адистерди тарбиялап чыгарып жаткан ОшМУнун жалпы жамаатына ыраазычылыгын билдирди. Ал студент мезгилинде студенттер менен биргеликте университеттин жатканасында жашап, мыкты студенттердин катарын толуктаган. Эми ал эмгек жолун өзү 30 жыл эмгектенген ооруканада улантууну пландаштырууда.

Белгилей кетсек, ант берүү аземинде ОшМУнун медицина факультетин ийгиликтүү аяктап жаткан алдыңкы бүтүрүүчүлөргө ОшМУнун жана профсоюз уюмунун Ардак грамоталары тапшырылды.

4838 09:23 07-07-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|