Haber

Ош шаарында өткөн (ММА) Азия чемпионатында ОшМУнун 27 студенти ыктыярчы котормочу катары жардам көрсөтүштү

Ош шаарында А.Сүйүмбаев атындагы стадиондо 20-21- май күндөрү аралаш уруш боюнча (ММА) Азия чемпионаты өттү. Мелдешке 7 өлкөдөн 60 мушкер катышып, Кыргызстан курама командасы алты алтын, эки күмүш жана эки коло медалга ээ болду.

Аталган мелдешке келген алыскы жана жакынкы чет мамлекеттерден келген конокторго жана спортчуларга ыктыярчы котормочу катары ОшМУнун 27 студенти (эл аралык мамилелер факультетинен 23 студент, медицина факультетинен 3 студент, кыргыз филологиясы факультетинен 1 студент) жардам көрсөтүштү. Алар Кытайдан, Кореядан, Ирандан, Афганистандан, Таджикистандан, Казакстандан, Өзбекстандан келген конокторду тосуп алуу, жайгаштыруу иштерине катышып, мелдеш учурунда ыктыярчы котормочу катары коштоп жүрүштү.

Белгилей кетсек, Экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарында да Ош мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинин жана эл аралык мамилелер факультетинин 14 студенти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «112 бирдиктүү нөөмөттүк диспетчердик кызматына» англис, француз жана араб тилдеринде волонтер-котормочулар катары жардам көрсөтүшкөн.

3870 11:01 27-05-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|