Haber

ОшМУда Казакстандын Аккредитация жана рейтинг боюнча көз карандысыз агенствосунун (НААР) 2 күндүк семинары уюштурулуп жатат

Казакстандын Аккредитация жана рейтинг боюнча көз карандысыз агенствосу (НААР) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси менен Ош мамлекеттик университетинин базасында эксперттерин окутуу боюнча 24-25-май күндөрү 2 күндүк семинар уюштуруп жатышат.

Аталган семинарда НААР агенттигинин директору А.Б.Жумагулова, илимий консультанты Р.Г.Сейдахметова, эксперттик кеңеши К.Ш.Шункеев, М.А.Скиба спикерлик кылып, аталган семинарга Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү катышып жатышат.

Семинардын ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн ОшМУнун ректору Каныбек Исаков Казакстандан келип семинар уюштуруп, ойлорун ортого салып жаткан агенттиктин өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдирип, учурда жогорку жана орто окуу жайларынын билим берүүсүн жана сапатын баалоо 4 көз карандысыз аккредитация агенттиктери аркылуу турмушка ашырылып жаткандыгын белгиледи. Ошондой эле учурда ОшМУнун бир топ окутуучулары аталган агенттиктерден окуудан өтүшүп, эксперт деген сертификаттарга ээ болгондуктарын айтты жана аталган агенттиктин 2 күндүк семинарынын ишине ийгилик каалады.

Эки күн аралыгында семинардын катышуучуларына 1-күнү НААР агенттиги жөнүндө жалпы маалымат берилсе, 2-күнү Казакстандын Аккредитация жана рейтинг боюнча көз карандысыз агенствосуна эксперттерди даярдоо иштери жүргүзүлөт.

3710 14:08 24-05-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|