Haber

Тажикстандын Кыргызстандагы консулу Наргиз Нурова ОшМУда болуп Тажикстандан келген студенттер менен баарлашты

Ош мамлекеттик университетине 16-май күнү Тажикстандын Кыргызстандагы консулу Наргиз Нурова жана Ош облусу жана Ош шаары боюнча иш алып барган тажик маданий борборунун президенти Хамимназар Алиназаровдор келип ОшМУда билим алып жаткан тажикстандык студенттер менен жолугушту.

Жолугушууга ОшМУнун өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректору А.Абдувалиев, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн адистери, медицина жана математика жана информациялык технологиялар факультетинин декандын окуу иштери боюнча орун басарлары катышышты.

Жыйындын жүрүшүндө ОшМУ менен Тажикстандын бир катар окуу жайларынын кызматташтыктары боюнча сөз болуп, университетте билим алып жаткан 300 жакын Тажикстандык студенттердин билим алуудагы жетишкендиктери айтылды. Ошондой эле Тажикстандын Кыргызстандагы консулу Наргиз Нурова жана Ош облусу жана Ош шаары боюнча иш алып барган тажик маданий борборунун президенти Хамимназар Алиназаров студенттер менен жакындан баарлашып, алардын сунуш-пикирлерин, каалоолорун угушту.

Жыйындын соңунда коноктор мындан ары да мындай жолугушууларды байма-бай өткөрүп, жакындан иш алып бара тургандыктарын билдиришти.

Блгилей кетсек, учурда ОшМУнун бир нече адистиктеринде 300гө жакын Тажикстандык студенттер билим алышат.

3893 12:04 16-05-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|