Haber

ОшМУнун профилакториясында жашап жаткан студенттерден факультеттин жамааты кабар алышты

Республикадагы жогорку окуу жайлардан айырмаланып, бир гана Ош мамлекеттик университетинде студенттердин, магистранттардын жана окутуучулардын эс алуусу, ден соолугун чыңдоосу үчүн ОшМУнун профилакториясы иштеп келе жатат. Профилактория бир агымда 50 студентти жана 12 окутуучуну кабыл алып, ден соолугун текшерүү, анализдерди чыгаруу жана дарылоо кызматтарын көрсөтүүгө ылайыкташкан.

ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин деканаты кесиптик кошуун менен бирдикте маалыматтарды өз учурунда студенттерге жеткирип, муктаж болгон студенттерди профилакторияга жайгаштырууну колго алышкан. Үстүбүздөгү окуу жылында факультеттин төмөнкү студенттери: Тажибаев Берен, Камчыбеков Бекбол, Эшмаматов Жоодар 1-агымда эс алышып, дарыланып чыгышса, учурда Мирбек уулу Нуртилек, Эшмамат уулу Жоодарбек, Анарбеков Бакдөөлөт жана Топчубаев Чынберди эс алышып, денсоолугун чыңдоодо. Кийинки агымга да 5 студент жазылып, даярданышууда. Ар бир студент 20 күндүк жолдомо алуу үчүн 500 сом акы төлөп, анын ичине бир күндө 3 маал тамак-ашы, анализ тапшыруу, медициналык кароодон өтүү, массаж алуу, дарылоо процедуралары камтылган.

Апрел айында факультеттин деканы, доцент Эрлан Камалов жана профбюронун төрагасы Советбек Акматов, жаштар комитетинин төрагасы Нурсултан Жумабаев жана студенттик тайпалардын старосталары болуп профилакторияда эс алып жаткан студенттерден кабар алышты. Жолугушууда профилакториянын башкы дарыгери Молдалы Макенов түзүлгөн шарттар менен тааныштырып, жасалып жаткан иштер жана келечек пландары менен бөлүшкщндүгүн факультеттен маалымдашты.

Мындан сырткары эл аралык мамилелер факультетинен келген делегация профилакторияда жайгашкан “Ош Декларациясынын” алкагында Кыргызстандын аймактагы университеттеринен жана Шанхай Кызматташтык Уюмунун университеттеринин биримдигинин алкагында Кытайдын университеттеринен ОшМУга келип, билим алып жаткан студенттер менен да баарлашты. Өз кезегинде студенттер түзүлгөн шарттар жакшы экендигин белгилешип,ОшМУнун жетекчилигине, кесиптик кошуунга жана деканатка ыраазычылыгын билдиришти. Дегинкиси, бул жумуш абдан позитивдүү көрүнүш болуп, аны андан –ары колдоо жана өркүндөтүү зарыл.

4319 14:55 27-04-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|