Haber

ОшМУда Пайгамбарыбыздын туулган күнүнө арналган “Куттуу жумалык» аземи болуп өттү

Ош мамлекеттик университетинде Пайгамбардын туулган күнүнө арналган «Куттуу жумалык» аземи болду.

ОшМУнун теология факультети тарабынан уюштурулган Азирети Мухаммед Пайгамбарыбыздын туулган күнүнө арналган «Куттуу жумалык» аземинде ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы, Кыргызстандагы Түркия элчилигинин Дин иштери боюнча Ош шаарындагы, Ош облусундагы мусулмандар казыятынан өкүлдөр, илимпоз-аалымдар, окутуучулар, магистранттар студенттер катышышты.

Алгач жумалыкта куран окулган соң, теология факультетинин деканы Самаган Мырзаибраимов ачып берди жана Пайгамбардын туулган күнүнө арналган «Куттуу жумалык» аземи теология факультетинин демилгеси менен 1997-жылы алгач ирет уюштурулуп, быйыл 20-жылы өтүп жактандыгын белгилеп, бул иш чара бүгүнкү күндө республика боюнча жайылтылган иш чарага айлангандыгын белгиледи. Кеченин жүрүшүндө ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Авазбек уулу Расул, доцент Ферхат Гөкче куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Иш чаранын жүрүшүндө факультеттин жетишкендиктери, билим берүү, маданий-массалык иш чараларын камтыган видео-ролик коюлду, куттуктоо сөздөрү айтылды жана илимий баяндамалар окулду. Ошондой эле куттуу жумалыкка карата Ош мамлекеттик университетинин факультеттери ортосунда, теология факультетинин ичинде жана «Ыйман» лицейлеринде уюштурулган ыр жазуу, Куран окуу, Хутба жана Хадис жаттоо конкурстарынын жеңүүчүлөрүнө, мыкты баяндамаларга сыйлыктар, сертификаттар тапшырылды. Жыйынтыгында уюштуруучулар тарабынан катышуучулардын ар бирине роза гүлү, теология факультетинин окутуучулары тарабынан даярдалган китептер тартууланды, ысык тамак берилди.

4459 16:10 21-04-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|