Haber

Окумуштуу, акын, м.и.д., профессор Георгий Беловдун чыгармачылык кечеси тартууланды

Ош мамлекеттик университетинде 30-март күнү илимпоз окумуштуу жана акын Георгий Беловдун чыгармачылык кечеси уюштурулду.

Чыгармачылык кечеде ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин морфологиялык дисциплиналар кафедрасынын башчысы, м.и.д., профессор, бүткүл союздук жана республикалык студенттердин фестивалдарынын бир нече жолку лауреаты (1975-1985-жж.), “Жылдын акыны”, “Мурас”, “Менин Россиям” аттуу жалпы Россиялык поэзия сынактарынын жеңүүчүсү, эл аралык билим берүү, инженерия жана искусство Академиясынын академиги, полярдык медицина жана экстремалдык адам экологиясы боюнча Академиянын академиги көп кырдуу талант ээси Георгий Беловдун «Сүйүү анатомиясы» жана «Тагдырдын тамашасы» сыяктуу ырлар жыйнагына камтылган ырлары автордун аткаруусунда кеченин көрүүчүлөрүнө тартууланды.

Орус филологиясы факультетинин дүйнөлүк адабият кафедрасы тарабынан уюштурулган кечеде факультеттин талантуу студенттери акындын ырларын көркөм окушуп, университеттин таланттуу окутуучуларынын, студенттеринин аткаруусундагы орус романстары тартууланды. Ошондой эле автордун чыгармаларын мыкты көркөм окуган жана өз чыгармаларын тартуулаган студенттерге Георгий Белов автордук китептерин белекке берди.

Кечеге Россия Федерациясынын Ош шаарындагы башкы консулу Роман Свистин, акын, журналист Салима Шарипова, Бишкек шаарынан келген акындын достору, медицина тармагындагы белгилүү окумуштуулар, ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы, студенттер, поэзия ышкыбоздору катышышты.

Чыгармачылык кеченин жүрүшүндө медицина тармагында өзгөчө салым кошуп, 25 илимдин кандидаттарын, 6 илимдин докторлорун жетектеп чыгарган, студенттерге мыкты билим берип келе жаткан белгилүү окумуштуу Георгий Беловду ОшМУнун ректор Каныбек Исаков чыгармачылык кечеси менен куттуктап, ОшМУнун Ардак грамотасы, акчалай сыйлыгы менен сыйлады.

Окумуштуу, акын Георгий Белов университеттин жетекчилигине, кеченин уюштуруучуларына ыраазычылыгын билдирди.

5988 13:52 31-03-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|