Haber

Мамарасул кызы Алтынай алыш боюнча Баяман Эркинбаевдин элесине арналган эл аралык гран-при мелдешинде алтын медалга ээ болду

Ош мамлекеттик университетинин педагогика жана дене тарбия факультетинин 1-курсунун студенти эркин күрөш боюнча спорттун чебери, алыш күрөшүндө эл аралык класс боюнча спорттун чебери Мамарасул кызы Алтынай 17-март күнү Бишкек шаарында өткөн алыш боюнча Баяман Эркинбаевдин элесине арналган эл аралык гран-при мелдешинде 8 өлкөнүн 70тен ашык спортчулары күч сынашкан мелдеште жеңишке жетишип, 75 килограмм салмакта алтын медалга ээ болду.

Ийгилик ээсин ОшМУнун ректору Каныбек Исаков куттуктап, жамааттын атынан ийгилик каалап, ар дайым талыкпай эмгектенип өлкөбүздүн желегин желбирете берүүсүн каалады.

Белгилей кетсек, Мамарасул кызы Алтынай Беларусиянын Минск шаарында 2016-жылдын 10-11-декабрь күндөрү болуп өткөн алыш белбоо күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда 70 кг чейинки салмакта алтын медалга ээ болуп, жеңиш менен кайтып келген. Ошондай эле буга чейин Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында алыш күрөшү боюнча күмүш медалга ээ болгон. Анын ийгиликтерин колдогон Ош мамлекеттик университети учурда келишимдик акысына 100 пайыздык жеңилдик берген.

3801 15:46 27-03-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|