Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстандагы "Россотрудничество" өкүлчүлүгүнүн Ош шаарындагы бөлүмүнүн консультанты Василий Алексеев Россиянын электрондук китепканасын презентациялады. Ошондой эле учурда аталган китепкананын фондунда бүгүнкү күндө 140 000 китеп бар экендигин, алардын арасында совет, орус классикалык чыгармалары, бестселлерлер, чет өлкөлүк белгилүү жазуучулардын котормолору сыяктуу көптөгөн илимий-популярдуу, публицистикалык маанидеги китептер камтылгандыгын маалымдады.
Аталган китепканага каалоочу студенттер, же жалпы эле окурмандар катталган соң, алар китепканадан онлайн режиминде акысыз пайдалана ала тургандыктарын айтып, келечекте ОшМУ менен студенттер жана окутуучулар арасында алмашуу процессин жүргүзүүгө, биргеликте конференцияларды, түрдүү иш чараларды уюштурууда дайым кызыктар экендиктерин билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер кызыктырган суроолоруна жоопторду алышты. Кошумчалай кетсек, жыйындын жүрүшүндө ОшМУ менен "Россотрудничество" өкүлчүлүгүнүн ортосунда кызматташуу жөнүндө сөз болду.