Haber

Ойлоп табуучулуктун ишмердүүлүгүн активдештирүүгө багытталган семинар

Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусу, Эстониянын интеллектуалдык менчик жана трансфер технологиялар борбору, Ош мамлекеттик университети тарбынан уюштурулган "Ойлоп табуучулуктун ишмердүүлүгүн активдештирүүдө технологияларды жана инновацияларды колдоо борборлорунун ролу" деген аталыштагы семинар ОшМУнун базасында 23-март күнү уюштурулду.

Семинарга Баткен, Жалал-Абад, Ош шаарындагы илимий борборлордун, ЖОЖдордун илимпоздору катышышты.

Семинардын жүрүшүндө "Эстондук интеллектуалдык менчик жана трансфор технологиялар борбору. Стартаптарды колдоо" деген презентациясы менен Эстондук интеллектуалдык менчик жана трансфер технологиялар борборунун директору, т.и.д. Мариус Кунингас, "Эстониянын илимий парктарынын, технопарктарынын, инкубатор жана трансфер технология офистеринин ишмердүүлүгүнө сереп" деген темада аталган интеллектуалдык борбордун маркетинг боюнча менеджери Мартин Хансон, "ОшТУнун инновациялык ишмердүүлүгүн өнүктүрүүдө ТИКБнын орду жана ролу" аттуу баяндамасы менен т.и.к. доцент Н.А. Калдыбаев, "Инновацияны өнүктүрүүдө ТИКБнын ролу" баяндамасы менен ЖАМУдан х.и.к., доцент Б.К. Эрназарова, "Өнүккөн өлкөлөрдөгү патенттик жана инновациялык ишмердүүлүктү анализдөө" деген презентация, доклады менен ОшМУдан ф.-м.и.д., профессор Ы. Ташполот. "ОшМУдагы патенттик изилдөө иш аракеттери" деген темадагы презентациясы менен б.и.д., профессор Т.Т. Жумабаевалар баяндама жасашты.

Жыйындын жүрүшүндө куттуктоо сөздөрү айтылып, кызыктуу баяндамалар талкуу, суроо-жооптор менен коштолду.

3502 11:52 24-03-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|