Объявления

ЮНИСЕФ жана ОшМУ «Балдардын жана жаштардын үнү» долбоорунун алкагында ОшМУнун жатаканаларында “Азыркы замандын жаштары” аттуу сынактарды жарыялайт

ЮНИСЕФ жана ОшМУ «Балдардын жана жаштардын үнү» долбоорунун алкагында ОшМУнун жатаканаларында “Азыркы замандын жаштары” аттуу сынактарды жарыялайт Сынактардын максаты:

 Заманбап технологияларды колдоонун негизинде жаштарга маалымат булактарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;

 Маалымат булактарын колдонуу аркылуу, балдардын жана жаштардын учурдагы көйгөйлөрүн чечүүгө түштүк Кыргызстандын жаштарынын потенциалын колдонуу;

 Ааламдашуу доорундагы көйгөйлөрдү жаштардын өз алдынча чечүүсүнө шарт түзүү;

 Интернет байланышы аркылуу Ош, Жалабад жана Баткен облустарынын жаштарынын аймактагы, өлкөдөгү жана дүйнөдөгү достору, замандаштары менен өз ара карым-катнаштарды калыптандыруу жана байланыштарды бекемдөө;

 Маалымат каражаттары, интернет булактары аркылуу жаштардын интеллектуалдык денгээлин жогорулатуу ошондой эле инновациялык технологиялар менен интеграцияга жол ачуу.

Сынактардын шарттары:

 “Видеоролик сынагы” - Мында катышуучулар азыркы убактагы жаштардын үнүн жеткире турган көйгөйлүү, терс көрүнүштөрүн же артыкчылыктарын, жетишкен ийгиликтерин (илимий, маданий, спорттук ж.б,) чагылдыруусу керек, өзгөчө идеяга бай, тарбиялык мазмуну терең видеороликтерге артыкчылык берилет.

Убактысы 3-5 мүнөткө чейин болушу керек. Ар бир жатакананын жалпы студенттери биргелешип бир видеоролик сунушташат.

 “Дил баян сынагы” - Мында “Азыркы замандын жаштары: учурдагы абалы жана келечеги” темасында дилбаяндар жазылуусу керек. Идеянын оригиналдуулугуна жана мазмунуна көңүл бурулат. “Эң мыкты” деп табылган дил баян “Нур” газетасына жарыяланат.

Көлөмү 2-4 барактан туруусу керек. ( Times New Roman 14-шрифт, 1,5 интервал). Катышуучу жөнүндөгү толук маалымат титулдук баракчада көрсөтүлүшү керек. Бир автор бир гана эмгек сунуштай алат.

 “Ыр жазуу сынагы” - Жаштарга багытталган ырлардын сынагы. Мында жаштардын учурдагы абалын, көйгөйлөрүн жана келечек багыттарын камтыган, оң жана терс жактарын көрсөткөн ырлар болушу абзел.

Ырдын автору жөнүндөгү толук маалымат титулдук баракчада көрсөтүлүшү керек. (Бир автор бир гана ыр сунуштай алат.)

Эскертүү: Жеке адамдын абийрине, жынысына жана улуттар аралык мамилелерге шек келтирген маалымат болбоосу кажет.

Өтүлүү убактысы:

 20-февраль чейин материалдарды кабыл алуу болуп, саат: 17:00 токтотулат.

 Женүүчүлөрдү сыйлоо 2016-жылдын 29-февраль күнү саат 14:00дө ОшМУнун башкы корпусунун ЧАЗда өткөрүлөт.

 Сынактарга ОшМУнун жатаканада жашаган студенттери катышат. Катышуучулардын милдеттери:

 Жободо көрсөтүлгөн талаптарды аткарууга;

 Даярдалган материалдарын 2016-жылдын 20-февраль саат 17:00гө чейин ОшМУнун жатакана боюнча координатору Абылкасым уулу Канатка тапшырууга (Башкы корпус, 219 ”б”);

 Жободо көрсөтүлгөн талаптарды аткарбаган жатакана сынактан четтетилет; Жатакана коменданттарынын жана студенттик кеңештин төрагаларынын милдеттери:  Сынактар боюнча студенттерге кабар берүү;

 Жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн уюштуруу иштерине жардам берүү;  Өткөрүлүп берилген техникалык каражаттарды студенттерге кызмат кылуусун жана дайыма оң абалда болуусун көзөмөлдөө.

Уюштуруу тобу: Камалов Эрлан Токтоназарович, ОшМУнун эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы (0772 75 07 05), Акбарали уулу Өмүрбек, ректордун жардамчысы(0556 91 30 31), Абылкасым уулу Канат, жатаканалар боюнча координатор (0555 01 54 02).

Ыйгарылуучу сыйлыктар:

1- “Эң мыкты видеоролик” үчүн- 15 000сом

2- “Эң мыкты дил баян” үчүн- 5 000сом

3- “Эң мыкты ыр” үчүн- 5 000сом

Ошондой эле атайын диплом жана баалуу белектер менен сыйланат.

Сынактарга активдүү катышкан ОшМУнун жатаканаларындагы жалпы студенттер ЮНИСЕФ уюму тарабынан плазменный телевизорлор жана wi-fi роутерлер менен сыйланат.

9052 15:35 16-02-2016

                 

Объявления

|< 1 2 3 4 >|