Haber

"Айтматовдун ааламы"

2017-жылдын 9-декабрында "Кыргызстан" кинотеатрында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин Оштогу филиалынын жетекчилиги уюштурган Ч. Айтматовдун туулган күнүнө карата "Айтматовдун ааламы" аттуу кече болуп өттү. Кеченин формасы сынак иретинде болуп, 5 команда жарышты. Кечеде жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөр коюлуп, автордук ырлар окулуп, обондуу ырлар жанырды. Кеченин соңунда окуу жайдын жетекчиси Г.К. Эркулова катышкандарга ийгилик каалап, сыйлыктарды тапшырды. Бул кечеге бизден эл аралык мамилелер жана орус филологиясы факультети бир команда болуп катышышты.Ошондой эле бул кечеде мамлекеттик тил кафедрасы ардак грамота менен сыйланып, окутуучулар Б.Байтиковага , Н. Темировага ыраазычылык билдирилди.
1831 15:55 13-12-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|