Haber

АГИде декандардын жыйналышы жана студенттер арасы спорттук мелдеш өткөрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 3-майында Кыргызстандагы теология жана дин таануу факультеттеринин декандарынын жыйналышы өткөрүлдү. Декандардын жыйналышына Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин теология факультетинин деканынын орун басары Мурзараимов Б., И. Арабаев ат. КМУ теология бөлүмүнүн башчысы Бектуров Э, Ош МУнун теология факультетинин деканы Мырзаибраимов С. жана Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинин деканы Базаркулов С. катышты. Жыйында теологиялык билим берүүнү өркүндөтүү маселеси талкууланып, илимий усулдук тажрыйбаларды алмашуу жаатында мындан ары да тыгыз иш алып баруу чечими кабыл алынды. Студенттер арасында таанышууну камсыз кылуу, илимий социалдык жана маданий карым-катнашты күчөтүү жана сергек жашоого үндөө максатында ар кандай иш аракеттер өткөрүлүп келет. Мына ушул максатта институттун спорт комплексинде жыл сайын салттуу түрдө өткөрүлүп келген спорттун волейбол жана футбол оюндары боюнча мелдеш өткөрүлдү. Мелдеш Арашан гуманитардык институтунун директорунун орун басары Октай Четиндин куттуктоо сөзү менен башталып,. конок декандардын каалоо тилектери менен коштолду. Мелдештин жыйынтыгында волейбол боюнча 1-орун Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинин командасы, 2-орун ОшМУ теология факультети, 3-орун КТМУ теология факультети жеңүүчү болсо, футбол боюнча 1-орун Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинин командасы, 2-орун ОшМУ теология факультети, 3-орун КТМУ теология факультети багынтышты. Ошондой эле мыкты чабуулчу жана коргоочу оюнчуларга диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Жеңүүчүлөргө дипломуңар жана белектериңер кут болсун, окууларыңарга ийгилик каалайбыз.
3815 13:26 04-05-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|