Haber

АДАПТАЦИЯЛЫК ЖУМА

2018-ж 27-август күнү Кыргыз-Кытай факультетинин жетекчилиги жана окутуучулар жамааты жаны кабыл алынган 1-курстун студенттерин адаптациялык жуманын алкагында жылуу тосуп алышты. Иш чаранын башталышында «Кытай тили жана Кытай таануу» кафедрасынын кафедра башчысы Манашов Мирлан Эсенбаевич студенттерди студенттик жашоонун башталуусу менен куттуктап, факультеттин тарыхы жана жетишкендиктери менен бөлүшүп жалпы окуу процесси жөнүндө студенттерге маалымат берди. Өз сөзүнүн аягында Мирлан Эсенбаевич студенттерге окууда албан ийгиликтерди каалап. Иш чарага келген ата-энелерге болсо факультеттин эшиги ар дайым ачык экендигин белгилеп окуу жайдын жетекчилиги ата-энелердин суроо жана сунуш пикирлерин кабыл аларын билдирди. Андан кийин жалпы студенттер факультеттин окуу корпусу менен жакындан таанышып чыгышты.
1536 13:13 03-09-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|