Haber

АК ЖОЛ САГА БҮТҮРҮҮЧҮ!!!

АК ЖОЛ САГА БҮТҮРҮҮЧҮ! Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз-Кытай факультети алгачкы бүтүрүүчүлөрүнүн бүтүрүү кечесин Ош шаарындагы З.Бабур атындагы өзбек драма театрында өткөрдү.Кеченин сыйлуу коноктору ОшМУнун ректору профессор Исаков Каныбек Абдуваситович жетектеген ректорат,КЭРден келген делегация жана ата-энелер болду.Кечени ачып берүү үчүн ОшМУнун ректоруна жана СУАРдын билим берүү департаментинин башчысына сөз берилди.Өз сөзүндө жетекчилер бүтүрүүчүлөргө окуп үйрөнгөн кытай тилинин үзүрүн көрүп, эки элдин достугунун жактоочусу, өкүлү,кыргыз –кытай маданиятынын жайылтуучусу,өнүктүрүүчүсү болунуздар деп каалап кетти.Бүтүрүү кечесине арналган азем Конфуций Институтунун окутуучулары жана Кыргыз-Кытай факультетинин студенттери тарабынан жогорку денгээлде даярдалган концерттик программа менен коштолду.Кечеге келген коноктордун купулуна толуп ,мактоого татыды. Бүтүрүү кечесинин аягында бүтүрүүчүлөр, жетекчилик жамаат жана ата –энелер биргеликте эстеликке сүрөткө түшүштү.
2777 16:36 13-06-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|