Haber

“Үлгүлүү жүрүш турушум, Мекенге кошкон үлүшүм” аттуу иш-чара болуп өттү.

2017 - 2018-окуу жылына карата ОшМУда Адамдык мамилелерди өркүндөтүү жылынын алкагында ФЮКтун Бухгалтердик эсеп жана финансы кафедрасы тарабынан “Үлгүлүү жүрүш турушум, Мекенге кошкон үлүшүм” аттуу иш-чара болуп өттү. Аталган иш-чарага: ОшМУнун Социалдык жана тарбия иштери боюнча проректору, доцент Колдошов Түмөнбай, Медициналык колледждин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Айтманбетов Асылбек, Ыйык Ата-Журт Ош коомдук фондунун жетекчиси Хайткулов Данияр агайлар келип, өрнөктүү ойлору менен бөлүшүштүү. Жаш муундардын келечектеги орду, ыйман-адеп, эң башкысы адамгерчиликтик мамиленин башаты – учурашуудан башталарын агайлар кызыктуу мисалдар, мастер класстар менен көрсөтүп, айтып беришти.
1860 17:09 24-11-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|