Haber

“Бүтүрүүчүлөрдү узатуу” кечеси өткөрүлдү.

Бүгүн ОшМУнун Өзгөн медициналык колледжинде “Бүтүрүүчүлөрдү узатуу” кечеси өткөрүлдү. Майрамдык кеченин башталышы 1-курстун студенттери бүтүрүүчү курстун студенттерин адистигине карап кызыл килемдин үстүндө кол чаап тосуп алышты. Майрамдык кеченин жүрүшүндө окууда, коомдук-маданий иштерде ийгиликтерге жетишкен студенттер колледждин Ардак Грамотасы менен сыйланды. Бүтүрүүчү курстун тайпа кураторлору жана старосталары калоо тилек айтышып, Өзгөн медициналык колледжинде билим алып бүтүрүп жаткандыгы сыймык экенин билдиришти. Жылда колледжибизде эстафета болуп калган 1-курстун студенттери, бүтүрүүчү курстун студенттерине белек тартуулашты. Майрамдык кече студенттер тарабынан уюштурулган концерттик программа менен жыйынтыкталды.
3706 17:11 14-06-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|