Haber

“Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү” күнүнө карата акция болуп өттү.

Бугун, Кыргыз Республикасынын Улуттук ден соолук программасынын негизинде Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын алдында 24-март “Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү” күнүнө карата мекеме ишканалардын катышуусу менен чоң масштабда акция болуп өттү. Акцияга Өзгөн медициналык колледжинин студенттери да активдүү катышып, колледжибиздин студенттери тарабынан жандуу үндө ыр, жагымдуу бий жана кургак учукка каршы күрөшүү жөнүндө кыскача сахналык көрүнүш көрсөттү. Сахналык көрүнүштөө кургак учук оорусу кантип жугат, андан кантип сактанса болот жана күнүмдүк гигиенаны көрсөтүп беришти. Акция Өзгөн үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору тарабынан уюштурулуп, жогорку деңгээлде өткөрүлдү. , , ,
3378 16:54 24-03-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|