2018-жылдын 16-мартында теология факультетинин студенттери Ош шаарындагы Манас ата мечитинде жума намазында «Айлана-чөйрөнү тазалоо жана бак-дарак отургузуу» деген темада баян кылды. Ошондой эле бир студентибиз азанчы болсо дагы бир студентибиз жума намазында имамдын кызматын аткарды. Кошумчалай кетсек окуу жылы аяктаганча теология факультетинин студенттери Ош шаарындагы бардык мечиттерге жума намаздарына практикага чыгышат.
Теология факультетинин студенттери Ош шаарындагы мечиттерге практикага чыгып баштады
12:23