Haber

Стол тенниси боюнча теология факультети биринчи орунда

Ош мамлекеттик университетинде окутуучулар арасында стол тенниси боюнча мелдеш өткөрүлүп. Жыйынтыгында теология факультети курама командасы биринчи орунду багындырды. Ошондой эле эң мыкты оюнчу деп теология факультетинин окутуучусу Масиралиев Шумкар табылды. Кошумчалай кетсек Жалпысынан факультеттерден 17 команда катышып спорттун 4 түрү: волейбол, стол тенниси, шахмат, тогуз коргоол оюндары боюнча агайлар жана эжекелер күч сынашмакчы. Ректорат тарабынан 1 – орунга 5 миң, 2- орунга 3 миң, 3 – орунга 2 миң ошондой эле кесиптик кошуун тарабынан мыкты оюнчуга 1000 сом акчалай сыйлык жана дипломдор тапшырылмакчы.

2905 16:32 13-01-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|